30.08.2018 13:45

Бишкекте күзөт агенттигинин кызматкерлери Kaktus.media кабарчысына кол салышты

Бишкекте күзөт агенттигинин кызматкерлери Kaktus.media кабарчысына кол салышты

Бишкекте белгисиз күзөт агенттигинин кызматкерлери Kaktus.media кабарчысы Николай Потрясовго кол салышты. Окуя Юнусалиев көчөсүндө, «Космопарк» көңүл ачуучу жайынан анча алыс эмес жерде болду. Бул туурасында Kaktus.media кабарлады. 

Николай Потрясов редакциянын тапшырмасы менен көп жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан имараттарды сүрөткө тартып жүргөн. Ишин жаңы баштаганда «ГБР» (Ыкчам чара көрүү тобу) деген жазуусу бар унаа менен белгисиз адамдар келишкен. Кийин бул адамдар  «Армата секьюрити» жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери экени белгилүү болду.

Алар кабарчыга кол салып, таштарды ыргытып, уюлдук телефонун тартып алууга аракет кылышкан. Анын үстүнө  өздөрүн тааныштырган да эмес, күбөлүктөрүн да көрсөткөн эмес. Тескерисинче, Потрясовдон документ талап кылышкан. 

Өтүп бараткандар журналистке болушуп баштаганда, кол салгандар кетип калышкан.